Башкы адиси-юрист муниципалдык административдик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык багыттар боюнча);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү - төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы 5-мая 2021-ж. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын Жарандык, кылмыш-жаза, Турак Жай кодексин, Жер кодексин.
Билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.