Коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт

ТУРАК-ЖАЙ, КОММУНАЛДЫК ЧАРБА, КУРУЛУШ ЖАНА ТРАНСПОРТ БОЮНЧА
ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА 2023-ЖЫЛДЫН I КВАРТАЛ ИЧИНДЕ АТКАРЫЛГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Чолпон-Ата шаарынын аймагы боюнча 2023-жылдын 1-кварталында социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш планында бекитилген жумуштарды ишке ашырууда 1-кварталдын ичинде төмөнкү иштер жүргүзүлдү.

Курулуш

Чолпон-Ата шаарынын 3-к.р. аймагында жаны курулган ФАПтын курулуш иштери аяктап, мамлекеттик кабыл алуудан өтүп, ишке берилди.

Чолпон-Ата шаарынын К. Кулабаев көчөсүнүн эки тарабына тротуар, суу-лотогу менен иш планга киргендиктен, азыркы күндө көчөнүн бири тарабы жасалып, калган бир тарабы убактылуу токтоп турат. Утуп алган фирма ЖАК КК “Иссык-Куль” болуп аныкталды.

Чолпон-Ата шаарынын И. Абдуразаков мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоого, жана Ай-Данек бала-бакчасынын имаратынын сырткы фасадын ондоого Республикалык бюджеттен акча каражат маселеси чечилип, азыркы күндө аталган иштерди жүргүзүүгө иш-кагаздар даярдалып жатат.

Шаарыбыздын Совет атындагы көчөсүнө (борбор бөлүкчөсүнө) суу лотокторду жана көпүрөчөлөрдү жаныртуу боюнча иштерди ЖЧК “Колдоо-Шоп” фирмасы тарабынан жасалып бүттү.

Шаарыбыздын Панфилов көч баштап райондук прокуратурага чейинки аралыктагы жаны тротуар салуу иштерин ЖЧК “Элмир курулуш” фирмасы тарабынан бүткөрүлдү.

Шаарыбыздын Ч. Айтматов атындагы аллеяга, көрктөндүрүү максатында 2200 метрге бордюр орнотуу иштерин ЖЧК “Элмир Курулуш” фирмасы тарабынан жасалып, азыркы күндө куруу иштери толугу менен аяктап бүттү.

Ч. Айтматов атындагы аллеяга, көрктөндүрүү максатында 2200 метрге күл тигүүчү тилкелерди темир тосмо менен тосуу иштерин ЖЧК“Стэр” фирмасы тарабынан жасалып жатат.

“Чолпон-Ата күмбөздүн” айланасын көрктөндүрүү максатында, темир тосмо, дарбаза жана каалга менен тосуу иштерин ЖЧК “Айдос сервис” фирмасы тарабынан иш алып барууда.

Шаардын ичиндеги түнкү жарык берүүлөргө ар бир айда эсептердин негизинде акча каражаты которулуп берилген.

Чолпон-Ата шаарынын М.Ауэзов атындагы көчөнүн 285 метр тротуар жана 277 метр суу лотоктор салынып, аталган иштерди ЖЧК “Элмир курулуш” фирмасы курууу иштерин жасады.

Чолпон-Ата шаарынын Акималиев көчөсүндөгү минифутбол аянтчасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан жүргүзүлүп жатат, жана куруу процессинде өзгөртүүлөр кирип, сметадан ашып кеткендиктен, кошумча акча каражат керектелип, тендер жарыяланып, утуп алган ошол эле ЖЧК “Сельэнерго” фирмасы аныкталып, азыркы күндө кошумча ички жана сырткы куруу иштери жүрүп жатат.

2022 жылдын иш планына Колесников жана Акималиев көчөлөрүнүн аралыгындагы Совет көчөсүнүн сол тарабын көрктөндүрү жана саркынды суу түтүкчөлөрдү орнотуу максатында Архитектура башкармалыгы тарабынан долбоор даярдалып, смета түзүлүп, тендерге берилип, утуп алган ЖЧК “Вилла” фирмасы аныкталып куруу иштерин башталды.

Таштак көчөсүнө саркынды суу түтүкчөлөрдү орнотуу иштерин жүргүзүүгө керектелүүчү материалдар (түтүкчөлөр, шакекчелер, капкактар, ж.б.) “Суу канал” МИге алынып берилип, иш-кана тарабынан аталган жумуштар аткарылып бүттү.

“Чолпон-Ата Суу-канал” МИ тарабынан шаардын ичиндеги биртоп эскирген суу түтүктөрү алмашылып келүүдө.

Шаарыбыздын Семетей кичи районунун “Сары-Жаз” жана Ала-Тоо, ошондой эле Курорт жана Мамбеталиев көчөлөрүнө жарыктандыруу максатында “Тазалык Чолпон-Ата” МИге керектелүүчү акча каражат бөлүнүп, материалдар тендер аркылуу алынып, жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.

Борбордук паркында жайгашкан милиция пунктун реконструкциялоо максатында, тендер жарыяланып, утуп алган ЖЧК “Колдоо шоп” фирмасы аныкталып, иш жүрүп жатат.

Чолпон-Ата шаарынын АЗС районундагы эски мамыларды жаны темир-бетон мамыларга алмаштыруу иштерин “Ысы-Көл электр тармактары” ишканасы менен келишим түзүлүп азыркы күнү Чолпон-Ата РЭС ишканасы менен биргеликте иштер аткарылып бүттү.

2022-2023-жж. күзгү-кышкы мезгилдин аякташы

2022-2023-жылдын калкты, экономика тармактарын жылуулук берүү мезгили аяктагандыктан, атайын тескеме кабыл алынып, көп кабаттуу үйлөргө жана мекеме ишканаларга жылуулук берүү иштери токтотулду. 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү иштери жогорку деңгээлде өткөрүүгө баардык күчтөр жумшалып, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү 2023-жылдын жалган куран айынын 21де, мектеп бала-бакчаларга жалган куран айынын 29да токтоп, канаттандыраарлык деңгээлде аяктады.

“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишкананын” филиалынын карамагында эки откана бар.

  1. Мазут отканасы (отканада 3 меш бар)
  • А) ДКВР-6,5-13 маркасында 2 меш.
  • Б) ДЕ 10-13 маркасында 1 меш.
  1. Электр отканасы
  • КЭО-400 маркасынды 5 меш бар.
  • 12,5 чакырым жылуулук берүү түтүкчөлөрү кирет.

“Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишкананын” филиалы 18 көп кабаттуу үйлөрдү, 2 менчик үйдү, 3 барак үйдү, баардыгы болуп 930 кардарды тейлейт. Андан башка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, “Тазалык”, “Гүлбакча” жашылдандыруу ишканалары, “Ден соолук” медицина борборун тейлейт.

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын №349 28.10.2022-ж. Тескемесинин негизинде 29-октябрда от жагылып 01 ноябрда мекеме-ишканаларына жана 3 к.р. көп кабаттуу үйлөрүнө бериле баштаган. Быйыл 3 к.р. көп кабаттуу үйлөрүнө кыш бою үзгүлтүксүз жылуулук берилди.

2022-2023-ж.ж. жылуулук берүү мезгилине план боюнча 1,600 тонна мазут каралган жана толугу менен сарпталган. Ремонт иштери жаз-жай айларында планда каралгандай толугу менен жасалып бүткөн.

Шаарга караштуу 2 орто билим берүү жана 4 бала бакчалары күз-кыш мезгилинде электр энергия менен камсыздалды.

Тазалык жана жашылдандыруу

Жаз келиши менен тазалык иштери, таштанды жыйноо жана чыгаруу иштери тынбай жүрүүдө. 2023 жылдын иш-планына таштанды таштоочу урналарын тосуу боюнча каражат каралып, азыркы күндө шаарыбыздын аймагына 7 жерге орнотулуп, калганы жай мезгилине чейин орнотулуп бүтмөкчү. Жыл сайын өтүүчү 15.03.2023 – 15.06.2023 “үч айлык жашылдандыруу” иштердин негизинде ар ишемби сайын Чолпон-Ата мэриясы баш болуп ар бир мекеме, ишканалар, домкомдор, квартал комиттетер, жеке ишкерлер жана жалпы эл менен ишембиликтер өтүүдө. Иш чаранын негизинде бекилген аймактарда тазалык, көрктөндүрүү, бак сугаруу жана башка иштер жасалып келүүдө. “Тазалык Чолпон-Ата” МИси тарабынан күнүгө таштандылар чыгарылып жатат.   

“Гүлбакча” МИси тарабынан жаны салынган ФАПтын айланасын тазалап, арча бактары тигилди. 3-кичи районунун кайрылышындагы тигилген Тянь-Шань карагайлардын тегерегин тосуу иштери аткарылды. Азыркы күндө Айтматов аллеянын, Совет көч. эки жээгиндеги куурайларды, таштарды терүү иштери жүрүп жатат. Кыз айларарда бактарды бутоо, куураган бактарды кыюу иштери аткарылды. 2022-жылдын аягында иш-канага женил жүк ташуучу “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа алынып, азыркы күндө иш алып бара жатат. Айтматов аллеяны жашылдандыруу максатында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат жана Ж.Абдрахманов паркына кошумча ийне жалбырактуу бак-дарактар тигилип, сугарылып жатат. Совет көч жээгиндеги арча (можжевельник) бактары буталууда.

Жаңыланган күнү: 19-май 2023-ж.

Даярдаган: Омоев С., КЧ бөлүмүнүн башкы адиси

Сүрөт галереясына шилтеме: https://cholpon-ata.kg/ky/gallery/full/53.html