Биздин шаар

Чолпон-Ата шаары Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун административдик борбору.

Калкынын саны боюнча Ысык-Көл өрөөнүндөгү шаарлардын үчүнчүсү.

Республиканын борбору Бишкек шаарынан 264 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км, жана Балыкчы шаарынан 75 км алыстыкта турат. Батыш жагынан шаар Кара-Ой айылы менен, чыгыш жагынан Бостери айылы менен чектешет.

Шаардын жалпы аянты 1731 га, айыл чарбачылыгы 598,1 га. Чолпон-Атанын калкынын саны 1976-жылы 3,4 миң, 1981-жылы 4,5, миң, 1990-жылы 5,6 миң, 2004-жылы 6,0 миң адам жашаган. Калкы көп улуттуу: калктын негизги бөлүгүн 88,2% кыргыздар жана орустар, 3,2% украиндер, 2,3% татарлар, 1,2% казактар, 1,0 % өзбек, уйгур, тажик жана дунгандар ээлейт.

КАЛК БОЮНЧА (01.01.2023)

Көрсөткүчтөр Бардыгы Аялдар Эркектер
Калктын саны 12 864 6794 6070
0-15 жашка чейинкилер 3464 1682 1785
16-17 жаштагылар 1061 443 618
16-62 жашка чейинкилер (эркектер) 16-57 жашка чейинкилер (аялдар)  7696 4023 3673
63 жаштан жогоркулар (эркектер) 58 жаш жана улуу (аялдар) 1701 1089 612
16-57 жашка чейинкилер 3422 4435 1269
кыргыздар 11064    
орустар 1289    
казактар 246    
өзбектер 62    
татарлар 82    
дунгандар 28    
кореецтер 17    
уйгурлар 52    
украиндер 7    
калмактар 13    
азербайжандар 2    
тажиктер 2    
башка улуттагы элдер -    
Бардыгы    12864 6794 6070

Жаңыланган күнү: 18-май 2023-ж.