Чолпон-Ата шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика, тейлөө сферасы, юридикалык).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын билүү зарыл.
- Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багыттагы жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим (Экономика, тейлөө сферасы,юридикалык).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын билүү зарыл.
- Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10календарлык иш күндүн ичинде (17.04.2025-30.04.2025жж).
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Чолпон-Ата шаардык мэриясы
Чолпон-Ата ш. Совет көчөсү 75д.
Кошумча маалыматтарды тел.0394342961 алсаныздар болот.
Атк.: Муканова Ж.Ж. 0509770418
Сынак өткөрүү мөөнөтү боюнча кошумча айтылат.