Акималиев көчөсүн кеңейтүү иштери

18 Мая 2023

Акималиев көчөсүн кеңейтүү иштери

2023-жылдын 10-апрелинде Чолпон-Ата шаарынын мэриясы Акималиев көчөсүн кеңейтүү иштерине тендер жарыялаган.

Өткөрүлгөн тендердин натыйжасында пландалган иш-аракеттерди аткаруу үчүн эң төмөнкү сумманы – 1 млн 190 миң сом сунуштаган «Рей Билдинг» ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Ал сунушка ылайык аталган уюм жергиликтүү тургундар тарабынан кызыл сызыктын артына орнотулган дубалдарды жана тосмолорду демонтаждоо иштерин жүргүзөт.

Демонтаждоо иштерин аяктоо 2023-жылдын июнуна пландалган. Бул иш-аракеттерге багытталган акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Иш-аракеттер боюнча сүрөттөргө шилтеме: https://cholpon-ata.kg/ru/gallery/full/52.html