Чолпон-Ата шаарынын расмий веб-сайтына кош келиңиздер!

19 Мая 2023

Чолпон-Ата шаарынын расмий веб-сайтына кош келиңиздер!

2023-жылдын 18-майында Чолпон-Ата шаарынын расмий веб-сайты ишке киришти. Веб-сайтты түзүү демилгеси менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбооруна кайрылган.

18-19-май күндөрү Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын 8 кызматкери муниципалдык веб-сайтты администрлөө көндүмдөрүн үйрөнүү максатында атайын практикалык иш-чарага катышышты.

Окутуу иш-чарасынын жүрүшүндө веб-сайттын бөлүмдөрүнө ылайыктуу маалымат жайгаштырылып, шаар аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу жаңылыктар жазылып, тиешелүү сүрөттөр менен социалдык тармакка жайылтылды.

Веб-сайтка маалыматтан сырткары Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин депутаттары кабыл алган токтомдордун чечимдери, мэриянын буйруктары жана ваканттык / резервдик орундарга жарыялаган конкурстар жайгаштырылат.

“Азыркы күндүн талабына ылайык Чолпон-Ата шаарынын веб-сайты ишке берилгендиги баарыбызды кубандырды. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосуна жана туруктуу кызматташууга даярдыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Эми шаарыбызда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу тургундарыбызга байма-бай айтып берип турабыз. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын “Суу канал”, “Тазалык”, “Гулбакча” муниципалдык ишканалары, мектеп, бала-бакча, кварталдык комитет жетекчилери, шаар аймагында өзүңүздөргө тиешелүү аймакта болуп жаткан иштер боюнча маалыматты сүрөттөрү менен бирге биз менен бөлүшүңүздөр!, – деди шаар башчысы – мэр Ормонов Ж. Т.