Чолпон-Ата шаарында туристтик сезонго даярдык кандай?

19 Мая 2023

Чолпон-Ата шаарында туристтик сезонго даярдык кандай?

Чолпон-Ата шаарынын башчысы – мэр Ормонов Ж. Т. жайкы туристтик мезгилге даярдыктар тууралуу Улуттук телерадиокорпорациясынын “Ала Тоо 24” берүүсү аркылуу маалымат бөлүштү.

Шаар башчысынын маалыматына ылайык, азыркы мезгилде Чолпон-Ата шаарында 2 санаторий, 7 пансионат жана 260 конок үй жайгашкан.

“2022-жылы шаарыбызга 1 млн 200 миң турист келген. Ал эми быйыл биздин күтүүлөрүбүз алда канча жогору. Анткени 13-майда өткөн туристтик сезондун ачылышына арналган жарманкенин жыйынтыгы менен быйыл 10 миллионго жакын туристтин келиши күтүлүүдө, - деди Ормонов Ж.

Жаңылыкка шилтеме: https://youtu.be/D38PGbvPnZ8?t=119