Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

21 Марта 2025

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана кыргыз элим! 

Сиздерди кут толгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

 

Жаркыраган жаз менен кирип келген Нооруз – жаңы күн, жаңы башаттардын башталышы. Аруулуктун, тазалыктын жана жаңылануунун майрамы. Ушул күнү баарыбыз жакшылыкка үмүт артып, үйүбүзгө кут-береке, ырыс толсун, элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун деп ниет кылабыз.

Нооруз – тынчтыктын, үмүттүн жана молчулуктун жарчысы.

Мына бүгүн баарыбыз Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, асыл тилектер жана жаркын үмүттөр менен, өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн тилек кылып турабыз.

Улустун улуу күнүндө жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.

Өлкөбүз өркүндөп, шаарыбыз гүлдөп өнүгө берсин!