20-мартта Чолпон-Ата шаарында эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдеген ооз ачар болуп өттү. Ифтар кечеси Чолпон-Ата шаары менен Түркиянын Башискеле шаарынын расмий өкүлдөрү ортосунда өтүп, анда боордош эки шаардын болочоктогу кызматташтыгы талкууланды. Кыргыз-түрк элдеринин ынтымагын бекемдеп, эки шаардын ортосуна көпүрө болууну көздөгөн өкүлдөр боордоштук меморандумуна кол коюшту. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров бул кызматташтык туристтик шаардын келечеги үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп өттү. Белгилей кетсек Башискеле Чолпон-Ата шаары кызматташып жаткан Түркиянын алгачкы шаары эмес.
Буга чейин Чолпон-Ата-Анталья биримдиги түзүлүп, бир нече долбоорлор жүзөгө ашып, тажрыйба алмашуулар ийгиликтүү жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Башискеле шаарынан келген меймандар эртеңки Нооруз майрамына арналган салтанатта жана Салбуурунда кадырлуу конок болушмакчы.