Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Азамат Арнабек уулу дайындалды.

03 Июля 2025

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Азамат Арнабек уулу дайындалды.

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Азамат
Арнабек уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл  райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы Жапарбек Ормонов кол койгон.

Бүгүн 2-июлда КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Жетигенов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Жапарбек Ормоновдун катышуусунда  жаңы мэр жамаатка тааныштырылды. 


Азамат Арнабек уулу 1983-жылы 11-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
2005-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Эркин күрөш  боюнча машыктыруучу.
2016-жылдан ушул күнгө чейин «Жаштар ынтымагы» жаштар бирикмесинин төрагасы.
Азамат Арнабек уулу 2020-жылы октябрь айында Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу
болуп дайындалган. 2022-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалап келген.