Чолпон-Ата шаарында “Таза көл – 2025” аттуу экологиялык мониторинги өттү.

31 Июля 2025

 Чолпон-Ата шаарында “Таза көл – 2025” аттуу экологиялык мониторинги өттү.

2025-жылдын 24-июлунда Чолпон-Ата шаарында “Таза көл – 2025” аттуу экологиялык мониторинг иш-чарасы өттү. Ага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Экотехинспекция жана шаар мэриясы катышты. Журналисттер саркынды сууларды тазалоо системалары менен жеринен таанышышты.

Иш-чара учурунда Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу шаардын аймагында 64,9 миң АКШ долларына саркынды суу тазалоочу жаңы станция курулуп жатканын билдирди. "Бул 2 жыл аралыгында курулуп бүтүп, бүтүндөй Чолпон-Ата, Бостери жана Долинка аймагы толук кошулуп, саркынды суулардын көйгөйлөрү чечилет" -деп билдирди Чолпон Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу. 

Ошондой эле фондтун демилгеси менен Балыкчы шаарында заманбап биологиялык лаборатория орнотулууда. Ысык-Көлдүн суусу Илимдер академиясы менен биргеликте күн сайын изилденип турат. Лабораториянын жабдуулары Түштүк Кореянын 60 миң долларлык гранты аркылуу алынып келинген.

  Облус боюнча 226 рекреация объектилеринде  саркындысууларды тазалоочу курулмалары бар. Булар ири эс алуучу пансионаттар менен отель, мейманканалар. Облус боюнча 5 саркынды сууларды тазалоочу курулмалар шаардык борбордук канализация тутумуна кошулган. Алар: Чолпон-Ата шаарында 1, Балыкчы шаарында 2, Каракол шаарында 1,  Агро-Куш ЖЧКда-1. Быйылкы жылы облус боюнча 41 жаңы тазалоочу курулмалар кошулду.

Ал эми саркынды суу системасына кошулбаган жеке ишкерлерге жалпы 950 эскертүү кагаздары тапшырылып, кеңири массага түшүндүрүү иштери жүрүп келет. Ысык-Көлдү сактоодо жогорку мамлекеттик кызматтан тартып, бизнес, ишкерлер гана эмес жеке адамдар дагы өз салымын кошуп, ыйык көлдү булгабай, таза кармап, кийинки муунга мурас кылып калтыруу үчүн бардык аракеттер аткарылып жатат.