Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жетектеген атайын жумушчу топ пансионаттарды, көл жээктерин текшеришүүдө.

31 Июля 2025

Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жетектеген атайын жумушчу топ пансионаттарды, көл жээктерин текшеришүүдө.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жетектеген атайын жумушчу топ шаар аймагындагы пансионаттарды кыдырып, Ысык-Көл жээгинде мыйзам бузуулар орун алган-албаганын текшерип жатат. Рейд учурунда пансионаттардын жээк тилкелерине мыйзамсыз тосмо коюу, элдин эркин жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу, санитардык нормалардын сакталышы жана экологиялык талаптардын аткарылышы сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда.

Мэр белгилегендей, мындай текшерүүлөр туристтик сезон маалында коомдук жээктердин ачык болушун камсыздоо, шаардыктардын жана меймандардын кызыкчылыгын коргоо максатын көздөйт. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлүп, жооптуу тараптарга административдик жаза колдонулат.