Бостеридеги “Даймонд резорт” эс алуу жайы жабылды.
Буга чейин социалдык тармактарда Бостеридеги “Даймонд резорт” эс алуу жайынан чыккан саркынды суулар жерге агып жатат деген маалымат тараган. Анын негизинде атайын комиссия түзүлүп жеринде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, суулардан анализ алышкан. Алынган анализдердин жыйынтыгы менен бул эс алуу жайдын саркынды суулары айлана-чөйрөгө агып чыгып, экологияга зыян келтирип жаткандыгы аныкталган.
Бүгүн, 2-августта КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Жапарбек Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу баштаган топ, тиешелүү көзөмөл органдары менен биргеликте жерине барышып, эс алуу жайынын ишмердүүлүгүнө убактылуу бөгөт коюлду.
Белгилей кетсек “Даймонд резорт” комплексинде саркынды суу маселесинен сырткары курулушу толук аяктабаган коттедждердин эксплуатацияга бериле электе сатылышы боюнча да мыйзам бузуулар аныкталган.
Натыйжада бир нече мыйзам бузуу фактыларынын негизинде комплекстин иши бүгүнтөн тарта убактылуу токтотулду. Эс алуу жайынын кире бериши казылып, мындан ары ишмердүүлүгүн токтото турган бардык чаралар көрүлдү.