Кадыркулов Рустам Болотбекович Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.

05 Августа 2025

Кадыркулов Рустам Болотбекович  Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.

Кадыркулов Рустам Болотбекович

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

Жапарбек Ормонов кол койгон. Жаны мэр шаар активине 2025-жылдын 4-августунда

тааныштырылды.

 

Тааныштыруу учурунда президент Садыр

Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдөгү

курорттук аймактын бири болгон Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу

боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.

 

Рустам Кадыркулов буга чейин «Ысык-Ата» санаторийинин директору болуп иштеп, президенттин иш башкармалыгынын

жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги

алдында курорттук зоналарды

реконструкциялоо менен алектенип келген. 

 

Кадыркулов 1986-жылдын 26-мартында Токмок шаарында төрөлгөн.

1991-2002-жылдары Токмок шаарындагы Nº3

орто мектепте билим алган. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук

университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшырып, 2007-жылы окуусун аяктаган.

2007-жылдан тарта Мамлекеттик салык

кызматында эмгектенген.

2021-Жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоодо

Токмок шаардык кеңешине депутаттыкка

талапкер болгон. Ал кезде эмгектенген жери

катары Чүй району боюнча Салык кызматынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары катары көрсөтүлгөн.