Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштеринин алкагында пансионаттарга жана коттедждерге алып баруучу жолдордо тротуарларды куруу жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

22 Августа 2025

Аталган иштерди толук жана сапаттуу аткаруу үчүн мыйзамсыз тургузулган дубалдар жана уруксатсыз курулуштарды алып салуу зарылдыгы келип чыкты. Тартип жана мыйзамдуулук камсыздалмайынча, шаардын өнүгүшүнө шарт түзүү мүмкүн эмес. Андыктан бул боюнча конок үйлөрүнүн, пансионаттардын ээлери менен баарлашуулар жүргүзүлүп, натыйжада бул чечим чыгарылды. 

Чолпон-Ата шаары Кыргызстандагы ири курорттук борборлордун бири болуп саналат. Жыл сайын миңдеген туристтер эс алуу үчүн келерин эске алып, шаардын тазалыгын, коопсуздугун жана заманбап көрүнүшүн камсыз кылышыбыз зарыл. 

Шаардык мэрия тургундарды жана меймандарды түшүнүү менен колдоо көрсөтүүгө чакырат. Жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун биргелешкен аракетинин натыйжасында Чолпон-Атаны таза, тартиптүү жана заманбап шаарга айлантуу мүмкүнчүлүгү бар.