Президент Ысык-Көлдү тазалаган экоактивистке унаа белек кылды.

26 Августа 2025

Президент Ысык-Көлдү тазалаган экоактивистке унаа белек кылды.

Президент Ысык-Көлдү тазалаган экоактивистке унаа белек кылды

 

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгинде таштандыларды ыктыярдуу тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, унаа белек кылды. 

 

Мамлекет башчысы Панаевдин аракетин жогору баалап, анын иши коомчулукка үлгү болуп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров экологияны таза сактоо ар бир адамдын милдети экенин айтып, экоактивистке ата мекендик автоунаа белек кылды.

 

Андрей Панаев Кыргызстанга турист катары келип, Ысык-Көл жээгин тазалоо ишин баштаган. Ал “Кыргызстан менин үйүм” деп өлкөдө калууну чечкенин билдирди.