Бүгүн өлкө боюнча ачылган 100 жаңы курулуштун катарында Чолпон-Ата шаарында да маанилүү социалдык объектилер пайдаланууга берилди.
Имараттардын расмий ачылыш аземине КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Элдияр Молдобеков жана башка жергиликтүү жетекчилер катышышты.
Бостери айылындагы Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейине кошумча корпус курулду. 250 балага ылайыкталып салынган жаңы имаратта эми башталгыч класстын окуучулары билим алышмакчы.
Пайдаланууга берилген экинчи имарат “Келечек” бала бакчасы. Мектепке чейинки билим берүүчү бул мекеме 80 орунга ылайыкталып курулду. Заманбап, бардык шарты менен салынган бала бакча жаңы окуу жылында балдарды тосуп алууга даяр. Мындан сырткары бала бакчанын эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы эмеректер менен толукталды.
Ачылышы орун алган үчүнчү имарат Баластан бала бакчасы. Бул имарат мурда кримтөбөл К.Көлбаедин үйү болгон. Мамлекетке өткөн соң,
Оңдоп-түзөөдөн өтүп, эми 100 орундуу бала бакча мыкты шарттары менен бөбөктөргө эшигин ачты.
Өнүгүү жолундагы өлкөдө эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы социалдык обьекттердин ачылышы жергиликтүүлөргө өзгөчө кубаныч тартуулады.