Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 34 жылдыгы!

01 Сентября 2025

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 34 жылдыгы!

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 34 жылдыгы!
Эгемен өлкөбүздүн энчилүү майрамы Чолпон-Ата шаарында сахналаштырылган көрүнүш менен башталды.
Элибиз эңсеген эгемендүүлүккө жеткен тарыхый учур чоң сахнада көрсөтүлүп, бүгүнкү бейпил жашоого жол ачкан кыйынчылыктар эске салынды.

Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик паркта уюштурулган салтанатта Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Нургазы Эсенгелди уулу, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов жана шаардык кеңештин төрагасы Элдияр Молдобеков куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Лайф: Мэрдин куттуктоосу
Салтанаттын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын туусу салтанаттуу түрдө алынып келинип, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер, үлгүлүү карыялар, активдүү ардагерлер, эл агартуучулар жана башка тармактын алдыңкылары “Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу” наамы жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Концерттик бөлүгү кыргыз эстрада жылдыздары жана райондук маданият бөлүмүнүн таланттары даярдаган программа менен уланды. Ошондой эле кыргыз элинин нарк-насилин чагылдырган атайын көргөзмөлөр көрүүчүлөргө сунушталды.

Көз карандысыздыктын 34 жылдыгына арналган майрам Чолпон-Ата элинин чоң кубаныч, эргүү жана шаң менен өтүшүнө себеп болду.
Учурдан пайдаланып, Чолпон-Ата шаардык мэриясы жалпы кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайт.
Асманыбыз ачык болуп, желегибиз бийик желбиреп, эл-жери үчүн күйгөн азаматтар көбөйө берсин!