Бүгүн 1-сентябрь – Билим күнү. Өлкө боюнча миңдеген окуучулар үчүн жаңы окуу жылы башталды. Алгачкы коңгуроо Чолпон-Ата шаарындагы мектептерде да жаңырды.
Шаарда жалпы беш мектеп жана бир катар бала бакчалар балдарды тосуп алды. Ишенбай Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинде өткөн салтанатка шаар мэри Рустам Кадыркулов жана шаардык кеңештин төрагасы Элдияр Молдобеков катышышты. Алар окуучуларды жаңы 2025–2026-окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим алуу жолунда ийгиликтерди каалашты. Мугалимдерге болсо чыдамкайлык жана чыгармачылык тилектерин билдиришти.
Ошондой эле, вице-мэр Курманбек Сопуев Х. Жээнбаев атындагы мектепте, мэриянын аппарат жетекчиси Алмаз Байгазиев А. Мамытов атындагы мектепте куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ал эми мэриянын башка кызматкерлери Т. Атаев атындагы жана “Билим Ордо” мектептеринде билим күнүнө арналган иш-чараларга катышып, балдарды шыктандырышты.
Билим күнү – жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын башталышы. Чолпон-Ата шаарынын жетекчилиги билим берүү тармагына ар дайым колдоо көрсөтөрүн жана акылдуу, билимдүү улан-кыздардын өсүп чыгуусуна ишеним артаарын баса белгидешти.